Эрдоган : "БАЭ менен биргелешкен максатыбыз карым - катнаштарды жогорку деңгээлге чыгаруу"

Президент Эрдоган БАЭдеги жолугушууларынын алкагында борбор шаар Абу Дабиде БАЭнин ишкерлерине жана инвесторлоруна кайрылды.

1778884
Эрдоган : "БАЭ менен биргелешкен максатыбыз карым - катнаштарды жогорку деңгээлге чыгаруу"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтери БАЭ менен биргелешкен максаттарынын эки тараптуу карым - катнаштарды ар тармакта жогорку деңгээлге чыгаруу экенин айтты.

Президент Эрдоган БАЭдеги жолугушууларынын алкагында борбор шаар Абу Дабиде БАЭнин ишкерлерине жана инвесторлоруна кайрылды.

Эрдоган : «Урматтуу бир тууганым шейх Мухаммед бин Зайиддин ноябрь айындагы сапары менен Түркия - БАЭ карым - катнаштарында жаңы доорду баштадык. Соода карым  - катнаштарынын өнүктүрүлүшү, инвестициялардын күчөтүлүшү тууралуу күчтүү эркибиз бар. Кечээ өткөргөн жолугушууларда бул өз ара түшүнүшүүнү дагы бир жолу тактадык. Анткени 13 келишимге кол койдук. БАЭ Түркиянын Перс булуңундагы негизги соода өнөктөшү.

Биздин азыркы жалпы максатыбыз эки тараптуу мамилелерди бардык тармакта жогорку деңгээлге чыгаруу. Кечээ кол коюлган документтер өнөр жай жана алдыңкы технологиядан транспортко, саламаттыкты сактоодон айыл чарбага жана өз ара инвестицияларга чейин кеңири чөйрөдө биздин бул максатка биргелешип аракеттенүүгө умтулуубузду ачык көрсөттү»,- деди.

Экономикалык жактан бири-бирин толуктаган өлкөлөр катары Түркия менен БАЭнин кыска убакытта олуттуу ийгиликтерге жетишээрине ишенгенин билдирген президент: «Кургактык жолу, аба жолу, банктык жана каржы тармагында экономикалык байланыштарыбыздын күчтөндүрүлүшү үчүн биз да керек болгон кадамдарды таштап жатабыз»,- деди.

Түркиянын 85 миллион калкы, жогорулаган өнөр жай өндүрүшү, квалификациялуу жумуштуулук потенциалы, физикалык инфраструктурасы жана географиялык абалы менен өзгөчөлөнгөн өлкө экенин белгилеген Эрдоган Ковид - 19 эпидемиясы процессинде  болгондордун  Түркия экономикасынын күчүн, туруктуулугун жана акыркы 20 жылда басып өткөн жолду ачык көрсөткөнүн белгиледи.

"Дүйнөлүк экономика 3,4 пайызга кыскарган 2020-жылы 1,8 пайыздык өсүү темпине жетиштк. Ошол эле мезгилде биз чоң жыйырмалардын ичинен өнөр жай өндүрүшү эң көп өскөн өлкөлөрдүн катарына кирдик",- деген президент : "Өткөн жылды 33 пайыздык өсүү менен 225 миллиард доллардан ашык рекорддук экспорт жана 500 миллиард долларга жакындаган тышкы соода көлөмү менен аяктадык. Ийгиликтерибизди 2021-жылдагы өсүү көрсөткүчтөрү менен тастыктайбыз деп үмүттөнөм, бул көрсөткүч эки орундуу көрсөткүчкө жетет»,- деп билдирди.   



Тектеш кабарлар