БАЭнин расмий агенттиги түрк тилинде видео жарыялады
БАЭликтердин түркчө сүйлөгөнүнө орун берилген кыска видео социалдык медиадан "БАЭ менен Түркия жаркыраган келечек үчүн биригүүдө" деген сөздөр менен жарыяланды.
Бириккен Араб Эмирликтери БАЭнин расмий кабар агенттиги WAM, президент Режеп Таййип Эрдогандын сапарына байланыштуу түрк тилинде кыскача видео жарыялап, «БАЭ - Түркия боордоштугуна» басым жасады.
БАЭликтердин түркчө сүйлөгөнүнө орун берилген кыска видео социалдык медиадан "БАЭ менен Түркия жаркыраган келечек үчүн биригүүдө" деген сөздөр менен жарыяланды.
Президент Эрдоган өлкөгө барган учурда эфирге жарыяланган видеоролик БАЭлик бир жарандын «Кош келдиңиз» деген сөзү менен башталат.
Видеодо өзгөчө ар башка кишилер айткан бул сөздөргө орун берилген : "Бириккен Араб Эмирлиетри жана Түркия бир тууганбыз... Бизди жоолугуштурган сүйүүгө толгон жана жаркын келечек бар... Бириккен Араб Эмирликтерине кош келдиңиз".
Президент Эрдогандын сапарынан мурда Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубайдагы дүйнөгө белгилүү көк тиреген Бурж Халифага түрк желеги жана түрк тилинде "Кош келиңиздер" деген жазуу чагылдырылды.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.