Шуша декларациясын бекитүү сунушу Парламентте...

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун колу менен Парламенттин төрагалыгына сунушталган мыйзам долбоору Тышкы иштер комитетине жөнөтүлдү.

1771821
Шуша декларациясын бекитүү сунушу Парламентте...

Түркия менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык карым-катнаштары боюнча Шуша декларациясын бекитүү сунушу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагалыгына берилди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун колу менен Парламенттин төрагалыгына сунушталган мыйзам долбоору Тышкы иштер комитетине жөнөтүлдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 2021-жылдын 15-июнунда кол койгон Шуша декларациясында Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды расмий түрдө союздаштык деңгээлине көтөрүү каралган.

Армениянын Түркияга карата негизсиз дооматтары жана тарыхты бурмалоо аракетинин аймактагы тынчтык жана ырааттуулукка доо кетирип жатканы баса белгиленген декларацияда Түркия менен Азербайжанды байланыштырган Зангезур коридору менен Нахчыван-Карс темир жолунун ачылышынын карым-катнаштардын күчтөнүшүнө салым кошо турганы белгиленди.

Тараптар Түркия-Азербайжан карым-катнаштарын мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү перспективаларынын бардык аспектилерин карап чыгышкан Шуша декларациясында Азербайжандын Армениянын 30 жылдан бери уланып келе жаткан агрессиясын токтотууда жана басып алынган жерлерди бошотууда Түркиянын колдоосун жогору баалай турганы белгиленген.

Басып алуудан бошотулган жерлердеги Түркия-Орусия биргелешкен борборунун иш-аракеттерине Түркиянын маанилүү салым кошкону баса белгиленген декларацияда тараптардын Түркия жана Азербайжандын аймактык жана глобалдык коопсуздук жана ырааттуулук маселелерин чечүү үчүн биргелешип аракет кыла тургандыктары, тараптардан кайсы бирөөнүн көз карандысыздыгына же жеринин бүтүндүгүнө үчүнчү бир мамлекет тарабынан коркунуч же кол салуу болгон учурда тараптардын бири-бирине зарыл жардамды бере тургандыгы баса белгиленген.

Эки мамлекеттин ортосунда өнүктүрүлгөн жана алардын кызыкчылыктарына ылайык аскердик-саясий кызматташтыктын үчүнчү мамлекеттерге каршы эместиги белгилегенген декларацияда, тараптардын өзгөчө терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, баңги аткезчилиги жана мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштө биргелешкен аракеттерди жана кызматташтыкты кеңейте турганы белгиленди.

Парламенттин Эл аралык иштер комитети Түркия менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык карым-катнаштары боюнча Шуша декларациясын бекитүү сунушунун Ылайыктуулугу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн бейшембиде чогулат.



Тектеш кабарлар