Чавушоглу бүгүн Бахрейн Королдугуна барат

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

1770328
Чавушоглу бүгүн Бахрейн Королдугуна барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Бахрейн Королдугуна барат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Чавушоглу Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Ал Заянинин чакыруусу менен 30-31-январда Бахрейн Королдугунда болот.

Сапардын алкагында боло турган жолугушууларда аймактык жана эл аралык маселелер менен бирге Бахрейн менен эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу пикир алмашылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар