Ибрахим Калын менен Жейк Салливан телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын кечээ АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1760351
Ибрахим Калын менен Жейк Салливан телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын кечээ АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө саясий - экономикалык мамилелер жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.

Глобалдык жана аймактык маселелердин алкагында Украина кризиси, Казакстандагы нааразылык акциялары, Армения менен нормалдашуу процесси, Афганистан, Босния - Герцеговина жана Эфиопиядагы абалдар боюнча пикир алмашуулар болду. Ошондой эле  Түркия менен АКШнын ортосунда макулдашылган биргелешкен стратегиялык механизмдер  кенен  каралды.

Украина кризисинин диалог жана кызматташтык аркылуу чечилиши керектиги жана Түркиянын ар тараптан салым кошууга даяр экени белгиленди. Түркиянын Украинанын жеринин бүтүндүгүн коргоого маани бергени баса белгиленди.

Казакстандагы абалдардын турукташуусу  аймактын тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн маанилүү экени баса белгиленди. Бул маселе боюнча Түрк мамлекеттери уюмунун аракеттерине токтолушту.  

Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процесси жана Азербайжан менен Армениянын ортосунда туруктуу тынчтыктын түзүлүшүнүн аймактын ырааттуулугу жана өнүгүшүнө кошо турган салымына да баа берилди.

Түркиянын Балкан, Кавказ, Жакынкы Чыгыш, Орто Азия жана Африкада тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшү боюнча ролун улантууда чечкиндүү экени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар