Президент Эрдогандын Казакстан дипломатиясы...

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Казакстан,Кыргызстан,Азербайжан жана Өзбекстандын президенттери менен өз өзүнчө сүйлөшүү өткөрдү.

1758467
Президент Эрдогандын Казакстан дипломатиясы...
Erdoğan-Caparov.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түрк Мамлекеттери Уюмунун кезектеги төрагасы катары уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен Казакстандагы окуялар тууралуу өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Казакстандагы акыркы абал тууралуу пикир алмашты.

Эрдоган Казакстандын президенти Токаев менен болгон сүйлөшүүсүндө дос жана боордош Казакстандагы окуяларды жакындан байкаганын белгилеп, окуяда каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, жаракат алгандарга шыпаа каалады.

Түркиянын Казакстан менен тилектеш экенин билдирген Эрдоган, Түрк Мамлекеттери Уюму да билдирүүсүндө Казакстанга колдоо көрсөтөрүн баса белгилегенине токтолду.

Казакстанда жаңы өкмөттүн тез арада түзүлүшүн жана чыңалуунун кыска убакытта бүтүшүн каалаганын билдирген Эрдоган, Казакстан элинин өз ара ишеним жана диалогдун алкагында көйгөйлөрдү жеңээрине ишенгенин айтты.

Эрдоган Түркиянын керек болсо ар кандай техникалык билим жана тажрыйбаны бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев, Кыргызстандын президенти Жапаров жана Өзбекстандын президенти Мирзиеев менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Казакстандын стабилдүүлүгү жана коопсуздугу бүткүл аймак, өзгөчө коңшулары үчүн маанилүү экенин баса белгилеп, бир тууган Казакстандын бул көйгөйдү диалог аркылуу чечип, жеңишке жетишээрине ишенерин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын маалымат борборунун маалыматында, Эрдоган менен Жапаровдун сүйлөшүүсүндө төмөнкүлөргө орун берилген:

"Түркия тараптын демилгеси менен бүгүн, 6-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле региондогу азыркы кырдаалды, анын ичинде Казакстан Республикасындагы окуяларды талкуулашты".



Тектеш кабарлар