Калын: «Жалпы дүйнөдө болуп жаткандарга каршы адамдар сергектик, агартуу жана руханиятка муктаж»

Ибрахим Калын, дүйнөнүн төрт бурчунан он миңдеген мусулмандарды чогулткан Америкалык мусулмандардын башкы уюмдары тарабынан жыл сайын уюштурулган MAS-ICNA Конгрессинин салтанаттуу кечинде катышуучуларга кайрылуу жасады.

1753452
Калын: «Жалпы дүйнөдө болуп жаткандарга каршы адамдар сергектик, агартуу жана руханиятка муктаж»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) мусулман коому менен күчтүү жана бекем карым-катнаштарга ишенерин жана маани бергенин айтты.

Ибрахим Калын, дүйнөнүн төрт бурчунан он миңдеген мусулмандарды чогулткан Америкалык мусулмандардын башкы уюмдары тарабынан жыл сайын уюштурулган MAS-ICNA Конгрессинин салтанаттуу кечинде катышуучуларга кайрылуу жасады.

Ислам дүйнөсүндө жана жалпы дүйнөдө болуп жаткандарга каршы адамдардын сергектик, агартуу жана руханиятка муктаж экенин баса белгилеген Калын, MAS-ICNA Конгрессинин бул сезимди бергенине көңүл бурду.

Ишенимдин бир нерсеге гана ишенүү эмес экенине көңүл бурган Калын: «Ишеним бул көбүрөөк чечкиндүүлүк. Ишеним бул руханийлик, адилеттүүлүк, жакшылык жөнүндө чечкиндүүлүк. Эгер андай чечкиндүүлүк жок болсо, ишеним бул жөн гана сөз, көрсөтүү. Мен бул жерден абдан маанилүү чечкиндүүлүктү жана позитивдүү энергияны көрдүм. Мен күрөшүшүбүз керек болгон көп көйгөйлөр жана маселелер бар экенин билем, бирок бул чечкиндүүлүк да эң сонун нерсе»,-деп айтты.

Ибрахим Калын Түркиянын АКШдагы мусулман коому менен күчтүү жана бекем карым-катнаштарга ишенерин жана маани бергенин айтты.

Америкалык мусулмандардын башкы уюмдары тарабынан быйыл 20-ирет уюштурулган жылдык MAS-ICNA Конгресси Чикагодо уланууда.

Ковид-19 эпидемиясынан улам өткөн жылы виртуалдык чөйрөдө өткөрүлгөн MAS-ICNA Конгресси быйыл бетме-бет өткөрүлүүдө.

Америкалык мусулмандардын алдыңкы ысымдарынын баяндамалары, көптөгөн иш-чаралар жана коомдук иш-аракеттерди камтыган 3 күндүк конгресс бүгүн жабылуу отуруму менен аяктайт.



Тектеш кабарлар