Эрдогандын бүгүнкү кабыл алуулары
Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте 1 саатка созулган кабыл алуу басма сөзгө жабык өттү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Ливиянын Өкүлдөр палатасынын төрага орун басары Февзи Аль-Нувейри менен коштоосундагы делегацияны кабыл алды.
Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте 1 саатка созулган кабыл алуу басма сөзгө жабык өттү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркия-Ливия Парламенттер аралык достук тобунун төрагасы, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Денизли депутаты Ахмет Йылдыз жана достук тобунун депутаттары жолугушууда орун алышты.
Президент Эрдоган андан мурда Ливиянын Анкара элчиси Мустафа Элгелаиб менен Бириккен Араб Эмирлигинин Анкара элчиси Саид Тани Хареб Аль Дхахерини кабыл алды.
Президенттик комплекстеги кабыл алууда Элгелаиб жана Аль Дахери Эрдоганга ишеним катын тапшырышты.
Элгелаиб менен Аль Дахери президент Эрдоганга айрым элчилик мүчөлөрүн тааныштыргандан кийин эстелик сүрөткө түшүштү.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.
Президент Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү жарыялады
Президент Режеп Таййип Эрдоган бардык энелерди «Энелер күнү» менен куттуктады.