Акар: «Түрктөр менен күрттөр бир тууган»

Хулуси Акар Батман соода жана өнөр жай палатасынын (BATSO) жаңы тейлөө имаратынын ачылышына катышты.

1747662
Акар: «Түрктөр менен күрттөр бир тууган»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Түрктөр менен күрттөр бир тууган. Ортодо бузукулук кылууну каалагандар буга чейин максатына жете алган эмес, бүгүн дагы эртең дагы максатына жете алышпайт»,- деди.

Хулуси Акар Батман соода жана өнөр жай палатасынын (BATSO) жаңы тейлөө имаратынын ачылышына катышты.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө террордук уюм ПКК менен ЙПГнын ортосунда эч кандай айырма жок экенин баса белгилеген Акар: «ПКК/ЙПГ эч качан күрт боордошторубуздун өкүлү боло албайт. Кандайча ДЕАШ мусулмандарды өкүлдүк кылбаган болсо террордук уюм ПКК/ЙПГ да күрт боордошторубуздун өкүлү боло албайт. Түрктөр менен күрттөр бир тууган. Кылымдар бою бир нанды, сууну бөлүшүп келе жатабыз. Даңктуу желегибиз жана туубуз үчүн жанын берген баатырларыбыз шейиттикте жанаша жатышат. Чанаккале шейиттиги баш болгон шейиттиктерге караганыңызда бул сүрөттү даана көрө аласыз. Ортодо бузукулук кылууну каалагандар буга чейин максатына жете алган эмес, бүгүн дагы эртең дагы максатына жете алышпайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар