YTB Германияга миграциянын 60 - жылына карата эки тилде гезит даярдады

YTB Германия менен Түркиянын ортосунда кол коюлган жумушчу күчү келишиминин 60 жылдыгына карата түрк жана немис тилдеринде «Сиркежи Мюнхен» аттуу бир сандуу гезит даярдады.

1747479
YTB Германияга миграциянын 60 -  жылына  карата эки тилде гезит даярдады

Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгы YTB Германия менен Түркиянын ортосунда кол коюлган жумушчу күчү келишиминин 60 жылдыгына карата түрк жана немис тилдеринде «Сиркежи Мюнхен» аттуу бир сандуу гезит даярдады.

YTBнин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 1961 - жылы кол коюлган келишим менен миңдеген түрк жарандарынын Анадолунун ар башка шаарларынан Германияга жумушчу  катары барып жашай баштаганы эске салынды.

Маалыматта түрк жарандарынын 60 жылдан бери Германиянын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, коомдун ажырагыс бир бөлүгү болгонуна көңүл бурулуп : «Германияда көп тармакта ийгиликке жетишкен  түрк жарандары бүгүн 4 - муунга жетип, коомдук, саясий жана маданий тармактарда жашоосун улантууда»,-деп билдирилди.  

YTB ​​түрк диаспорасынын Европада болушунун 60 жылдыгына карата быйыл Германия жана Түркияда көптөгөн иш - чараларды уюштурганы жана бул иш-чаралардын алкагында түрк жана немис тилдеринде 60 жылдык үчүн бир сандуу гезит даярдалганы белгиленди.

«Сиркечи Мюнхен» гезитинин түрк коомунун Европада болушунун 60  - жылында  иш менен камсыз кылуудан башка ар түрдүү тармактарда искусство, спорт, саясат жана маданият тармагында аткарылган  иштерге көңүл бурганы, күч алган ислам душмандыгы, расизм сыяктуу Европа коомунда популярдуу түшүнүктөрүн жок кылууга жардам берери белгиленди.

 Гезиттин YTB тарабынан даярдалган «Мемлекетим» журналынын 5 - саны менен таркатыла турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар