Белоруссиянын президенти Лукашенко ТРТга маек куруп берди

Польша менен Беларустун ортосундагы мигранттар кризиси бир нече жумадан бери уланууда. Иммигранттар Беларус аркылуу Польшага, андан ары Европа өлкөлөрүнө барууга аракет кылып жатышат.

1746848
Белоруссиянын президенти Лукашенко ТРТга маек куруп берди

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Ирак, Сирия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөгү мигранттар кризиси үчүн Батыш дүйнөсүн айыптады.

Польша менен Беларустун ортосундагы мигранттар кризиси бир нече жумадан бери уланууда. Иммигранттар Беларус аркылуу Польшага, андан ары Европа өлкөлөрүнө барууга аракет кылып жатышат.

Көптөгөн Батыш өлкөлөрү бул кризис үчүн Беларустун президенти Александр Лукашенкону күнөөлөшүүдө. Лукашенко өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

Батыш менен саясий тирешүүлөрдү баштан кечирген Лукашенко Түркия радио-телеберүү мекемесине (ТРТ) баяндап берди.

«Биринчиден, биз Ирактан, Сириядан, Ооганстандан жана башка өлкөлөрдөн адамдар, башкача айтканда, иммигранттар эмне үчүн качканынан башташыбыз керек», - деди ал.

Лукашенко: «Анткени Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана ага кызмат кылган Европа жана башка «баатыр» мамлекеттер, бул мамлекеттерди басып алышты жана бул мамлекеттерди дээрлик жок кыла жаздады. Бул адамдардын (иммигранттардын) жашаганга үйү, тамак-ашы, кийингенге мүмкүнчүлүгү жок. алардын балдары... Ошондуктан алар качкын болуп, ар кандай жолдор менен, чакырган жерлерге барышат»,-деп айтты.

Белоруссияга иммигранттар чакырылган деген дооматтарга жооп берген Лукашенко, алар Беларуска толугу менен мыйзамдуу жол менен келгенин белгилеп: «(Иммигранттар) бул үчүн акы төлөшкөн. Алар муну толугу менен мыйзамдуу түрдө жасашты. Анан айткылачы, мен же Беларусь өкмөтү эмнени бузду? Анын үстүнө, биз буга чейин Евробиримдик (ЕБ) менен түзүлгөн кайра кайтаруу келишимдерин так аткарып келгенбиз. Андыктан алар андай кылып бизди жөн жерден айыптабашы керек»,-деди.

Лукашенко айрыкча президент Режеп Таййип Эрдоганга Беларусь саясатындагы принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдиргиси келгенин айтты.



Тектеш кабарлар