Улуттук коргоо министри : "Ирактын түндүгүндө 20 террорист жок кылынды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркия Улуттук Парламентиндеги бюджет тууралуу сүйлөшүүлөрдө сөз сүйлөп, террор тууралуу маалымат берди.

1746038
Улуттук коргоо министри : "Ирактын түндүгүндө 20 террорист жок кылынды"

 Ирактын түндүгүндө акыркы эки күндө жүргүзүлгөн операцияларда ПКК террордук уюмунун 20 террористи жок кылынды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркия Улуттук Парламентиндеги бюджет тууралуу сүйлөшүүлөрдө сөз сүйлөп, Ирактын түндүгүндө «Чеңгел  -  Чагылган» операциясы жүргүзүлгөн аймакта үч аскер шейит болгон террордук кол салууга байланыштуу : «Баштаган операциялардын натыйжасында бул кол салууну аткаргандар да болуп 20  террорист жок кылынды»,- деди.

«Шейиттерибиздин канын эч качан жерде калтырган жокпуз, калбырбайбыз»,- деген Акар : «Операцияларыбыз акыркы террорист жок кылынганга чейин чечкиндүүлүк менен уланат. Мындан эч ким күмөн санабасын»,- деди.

Террор менен күрөшүүнүн башта ФЕТӨ, ПКК/ПЙД – ЙПГ жана ДЕАШ болгон бардык террордук уюмдарга каршы күчтүү жана үзгүлтүксүз улантылып жатканын айткан Акар : «2015 -  жылы 24 -  июлдан бери өлкө ичинде, Ирактын жана Сириянын түндүгүндө жалпы 33 100, бул жылдын башынан тарта 2 619  террорист жок кылынды. Бир тараптан террордук уюмдун лидерлеринин билдирүүлөрүнөн да ПКК/ПЙД  -  ЙПГга берилген тыштан колдоонун  улантылары түшүнүктүү болуп жатат жана ошол эле террордук уюмдардын лидерлери ЙПГнын ПКК экендигин ачыкча айтылшууда. ПКК анын Сириядагы уландысы ЙПГга ким колдоо берсе берсин, булар кимден колдоо алса алсын, акыркы бир терророистти жок кылганга чейин күрөшүбүздү улантабыз жана 84  миллион жараныбызды бул террор балээсинен куткарууда чечкиндүүбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар