Түркия Кавказияда кызматташуу тууралуу маалымат берди

Кечээ Россиянын борбор шаары Москвада 3 + 3 Аймактык сүйлөшүүлөрдүн  биринчи жыйыны болду.

1745977
Түркия Кавказияда кызматташуу тууралуу маалымат берди

Түркия Кавказияда кызматташууну өнүктүрүүнү максат кылган 3 + 3  Аймактык сүйшүүлөрүндө бардык катышуучулардын орток кызыкчылыктарына байланыштуу  маселелерге көңүл буруу боюнча макулдашылгандыгын билдирди.
Тышкы иштер миниистрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта  3 + 3 Аймактык сүйлөшүүлөрдүн  биринчи жыйыны тышкы иштер министринин орун басарлары тарабынан кечээ Россиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөндүгү маалымдалды.

Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өналдын жетекчилигинде бир делегация катышкан бул биринчи жыйынга Россия менен бирге Азербайжан, Армения жана Ирандын катышкандыгы белгиленген маалыматта  бул сөздөргө орун берилди : «Жыйында аймактык кызматташууну көп тараптуу түрдө алдыга жылдыруу боюнча пикир алмашуулар болду. Сүйлөшүүнүн бардык катышуучулары орток кызыкчылыктарына байланыштуу  маселелер боюнча макулдашышты. Тынчтык жана туруктуулукту  бекемдөө максатында таштала турган ишенимди арттыруучу кадамдардын негизинде соода, экономика, транспорт, маданият жана гуманитардык  маселелерге артыкчылык берилет.  Беш өлкөнүн өкүлдөрү өз иштеринде ийкемдүү форматты кабыл алууга макул болушту жана Грузиянын да кеңешмелерге катышуусуна байланыштуу каалоолорун билдиришти».

Билдирүүдө айтылган кеңешмелердин иш жол-жоболору Тышкы иштер министрликтеринин алдыдагы мезгилде боло турган жолугушууларында такталары белгиленди.



Тектеш кабарлар