«Кануни» кемесинин сыноосу ийгиликтүү аяктады

«Кануни» биринчи терең деңиз кудук сыноолорун Түркали-2 кудугунда ишке ашырды.

1744445
«Кануни» кемесинин сыноосу ийгиликтүү аяктады

«Кануни» бургулоочу кемеси, Кара деңиздин тереңдигинде жүргүзүлгөн биринчи деңиз кудук сыноосун ийгиликтүү аяктады.

Түркия мунай заттар аукционердик өнөктөштүгүнүн (TPAO) Твиттердеги баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүүдө, «Кануни» бургулоочу кемесинин Сакария газ кенинде 150 күн 24 саат активдүү иштегени, Кара деңиздин тереңдиктеринде алгачкы терең деңиз кудук сыноолору ийгиликтүү аяктаганы белгиленди.

Бөлүшүлгөн маалымат графикасына караганда, «Кануни» биринчи терең деңиз кудук сыноолорун Түркали-2 кудугунда ишке ашырды.

Кеме суунун 2154 метр тереңдигинде жана 3950 метрге чейинки акыркы тереңдикте сыноолорду өткөрдү.

Туурасы 42 метр жана узундугу 227 метр болгон «Кануни», «Фатих» бургулоо кемесинин Кара деңизде газ тапкан кудуктардагы сыноо изилдөөлөрүн жүргүзүү милдети берилген болчу.



Тектеш кабарлар