Түркия Түштүк Кипр Рум башкаруусуна каршылык көрсөттү

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич маалымат берди.

1742549
Түркия Түштүк Кипр Рум башкаруусуна каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич Түштүк Кипр Рум башкаруусунун Чыгыш Жер Ортолук деңизде ExxonMobil-Qatar Petroleum өнөктөштүгүнөн турган консорциумга 5 - лицензиялык аймакта жаратылыш газ издөө уруксатын беришине каршылык көрсөтүп, бул уруксат аянтынын бир бөлүгүнүн Түркиянын континенталдык шельфин бузгандыгын айтты.

Танжу Билгич : «Түштүк Кипр Рум башкаруусунун өлкөбүздүн жана Кипр түрктөрүнүн укуктарын көрбөстүккө салып, бир тараптуу деп жарыялаган5 - лицензиялык аймак үчүн ExxonMobil-Katar Petrolleum  өнөктөштүгүнө жаратылыш газ издөө уруксатын бергендигине байланыштуу кабарлар Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чындыгында кимдин чыңалууну каалагандыгын дагы ачыкча көрсөтүүдө»,- деди.  

Белгиленген лицензиялык аймактын бир бөлүгүнүн Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги континенталдык шельфин бузганын баса белгилеген Билгич, бул бир тараптуу кадамдын Кипр аралынын тең ээлери болгон кипрдик түрктөрдүн укуктарын да көрмөксөнгө салганын белгиледи. Катчы Билгич : «Түркия эч бир чет өлкөнүн, фирманын же кеменин деңиз юрисдикцияларыбызда мурункудай уруксатсыз изилдөө иштерин жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Өлкөбүздүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарын чечкиндүүлүк менен жактоону улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар