THY Мароккого каттамдарын 14-декабрга чейин токтотту

Түрк аба жолдору билдирүү жасады.

1740214
THY Мароккого каттамдарын 14-декабрга чейин токтотту

Түрк аба жолдору (THY) Ковид-19 чараларынан улам Марокконун Марракеш жана Касабланка шаарларына каттамдарын 14-декабрга чейин токтотту.

THY басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Марокконун Жарандык авиация мекемесинин Ковид-19 чараларынын алкагында Марокконун аба мейкиндигин 30-ноябрдан 13-декабрга чейин бардык эл аралык каттамдар үчүн жабуу чечимин чыгарганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Кабыл алынган чечимге ылайык Марокко, Марракеш жана Касабланкадагы багыттарыбызга каттамдар эки тараптуу түрдө токтотулду. Конокторубуз билеттерди өзгөртүүнү, жокко чыгарууну жана акчаны кайтарууну веб-сайтыбыз же чалуу борборубуз аркылуу ишке ашырып, кеңири маалыматка ээ боло алышат»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар