Сойлу күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди

Сойлу, террор менен күрөштүн ийгиликтүү уланып жатканын баса белгиледи.

1740060
Сойлу күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Түркиянын Республиканын 100 жылдыгы болгон 2023-жылдагы максаттарына күчтүү өлкө катары жете турганын айтты.

Сүлейман Сойлу жеке менчик телеканалда күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Террор менен күрөштүн ийгиликтүү уланып жатканын баса белгилеген Сойлу, өлкөдөгү террористтердин санынын 170 экенин, бул террористтер түрк адилеттигине багынса такыр башкача көрүнүштүн башталаарын айтты.

Түркиянын 2023-жылдагы максаттарына күчтүү өлкө катары жете турганын белгилеген Сойлу: «Урматтуу президентибиз (Режеп Таййип Эрдоган) түрк тарыхына улуу жана күчтүү Түркия долбоорун бүтүргөн, Түркиянын 2023, 2053, 2071-жылдардагы максаттарына өзүн даярдаган өлкө катары кирет. Түркия Түрк дүйнөсүнүн кадыр-барктуу өлкөсү катары, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагынын кадыр-барктуу жана күчтүү өлкөсү катары, дүйнөдө сөзү өткөн өлкө катары кирет. Мен буга ишенемин. Улут муну жасайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар