Эрдоган Түркмөнстанда лидерлер менен жолугушту
Президент Эрдоган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ЭКУ лидерлеринин урматына берген сый тамакка катышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинин алкагында барган Түркмөнстанда лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Эрдоган алгач Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту.
Жабык эшик артында өткөн жана жарым саатка созулган жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер каралды.
Андан соң Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушкан Эрдоган, Пакистандын президенти Ариф Алви жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен да жолукту.
Президент Эрдоган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ЭКУ лидерлеринин урматына берген сый тамакка катышты.
Кечки сый тамак жабык эшик артында өттү.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.