Алтун Эрдоган-Бин Заид жолугушуусуна баа берди

Алтун социалдык медиа эсебинен президент Режеп Таййип Эрдогандын Абу-Дабинин мураскор канзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушуусу тууралуу бөлүштү.

1738506
Алтун Эрдоган-Бин Заид жолугушуусуна баа берди

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) эки тараптуу экономикалык карым-катнаштарын күчтөндүрүү жана аймактык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайда алуу үчүн чечкиндүү экенин айтты.

Алтун социалдык медиа эсебинен президент Режеп Таййип Эрдогандын Абу-Дабинин мураскор канзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушуусу тууралуу бөлүштү.

«Бул сапар биздин мамлекеттин аймактык тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу аракетин далилдеген маанилүү иш сапары болду», - деп баа берген Алтун, соода, энергетика жана айлана-чөйрө тармагында кол коюлган эки тараптуу келишимдердин экономикалык карым-катнаштарды жакшырта турганын белгиледи.

Келишимдердин кызматташтыктын эң керектүү максатына жетээрин үмүт кылгандарын баса белгилеген Алтун: «Түркия ар дайым аймактагы ырааттуулук жана тынчтык үчүн маанилүү күч болот. Жеке фирмалар ортосундагы келишимдерден тышкары биржаларыбыз менен порт башкаруучуларыбыздын ортосундагы инвестициялык келишимдер биздин экономикалык профилибизди бекемдейт. Соода карым-катнашыбызды алдыбыздагы жылдарда өнүктүрөбүз. Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин эки тараптуу экономикалык карым-катнаштарды жана аймактык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу жаатында чечкиндүү. Бул Түркия-Прес Булуңу карым-катнаштарында аймактык ырааттуулук жагынан жаңы бир доордун башталышы болот деп ишенебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар