Эрдоган: «Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбойт»
Эрдоган, партиясынын облустук башчыларынын кеңейтилген жыйынына катышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбой турганын, шайлоо өз убагында б.а 2023-жылдын июнь айында өтөөрүн айтты.
Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрагасы Эрдоган, партиясынын облустук башчыларынын кеңейтилген жыйынына катышты.
Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, мөөнөтүнөн мурда шайлоо талкууларына токтолуп: «Дагы эле “эрте шайлоо, мөөнөтүнөн мурда шайлоо”. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбойт, 2023-жылдын июнь айында боло турган шайлоодо Элдик альянс (АК Партия жана Улутчул Кыймыл партиясы) катары президенттикти жеңип, парламентте көпчүлүктү алуу менен рекордду алда канча алдыга жылдырабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.