Эрдоган «Түркияда 20 жылдагы билим берүү» китебине кириш сөз жазды

Бийликке келген күндөн бери билим берүү системасын демократиялаштыруу үчүн да, бардык тармактарда билим берүүнүн жакшырышы үчүн да күрөшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган, эң көп каражатты билим берүүгө бөлүшкөндөрүн айтты.

1736980
Эрдоган «Түркияда 20 жылдагы билим берүү» китебине кириш сөз жазды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын билим берүү тармагында өнүккөн өлкөлөр менен атаандаша ала тургандай деңгээлге жеткенин билдирди.

Президент Эрдоган Улуттук билим берүү министрлиги тарабынан даярдалган «Түркияда 20 жылдагы билим берүү: 2000-2019» китебине кириш сөз жазды.

Бийликке келген күндөн бери билим берүү системасын демократиялаштыруу үчүн да, бардык тармактарда билим берүүнүн жакшырышы үчүн да күрөшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган, эң көп каражатты билим берүүгө бөлүшкөндөрүн маалымдады.

Ушул алкакта Республиканын тарыхында болуп көрбөгөндөй бурулуш жасагандарын айткан Эрдоган: «Түркияда акыркы 20 жылда билим берүүнүн бардык тармагында жакшырууга жетиштик. Андан да маанилүүсү бул процессте билим берүүнүн сапатын жогорулаттык. Азыр Түркия OECD (Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Уюму) өлкөлөрү баш болгон берки өнүккөн өлкөлөр менен атаандаша ала тургандай деңгээлге жетти. Албетте Түркиянын дагы да өнүгүшүн каалайбыз жана билим берүүдөн күтүүбүздү дагы да арттырышыбыз керек»,- деди.



Тектеш кабарлар