Президент Эрдоган: «Коргонуу өнөр жайыбызды дөө-шаалар лигасына өткөрдүк»

Эрдоган Стамбул Конгресс борборундагы «Мемур-Сен Улуу Түркия жолугушуусу» программасында сөз сүйлөдү.

1733673
Президент Эрдоган: «Коргонуу өнөр жайыбызды дөө-шаалар лигасына өткөрдүк»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын коргонуу өнөр жайы глобалдык бандаларга карабастан дөө-шаалар лигасына өткөнүн айтты.

Эрдоган Стамбул Конгресс борборундагы «Мемур-Сен Улуу Түркия жолугушуусу» программасында сөз сүйлөдү.

«Учурда бизде (учкучсуз учуучу аппараттар) İHA барбы? Бар. Бизде (куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар) SİHA барбы? Бар. Азыр биз андан жогорку сегментке өттүк. Азыр бизде Акынжылар (чабуулчу учкучсуз учуучу аппараттар) бар»,-деп айткан Президент: «Дүйнөлүк бандалар бизди көз каранды кылып кармап турууга аракет кылып жатканына карабай, биз коргонуу өнөр жайыбызды дөө-шаалар лигасына өткөрдүк»,-деди.

Президент Эрдоган: «Биз өлкөбүздү заманбап цивилизациялардын деңгээлинен жогору көтөрүү үчүн чуркасак, бизге каршылар Түркияны багалегинен кармап ылдый тартуу үчүн күчүн жумшап жатышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар