Шентоп 10-ноябрга карата кайрылуусун жарыялады

Мустафа Шентоп кайрылуусунда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын биринчи президенти, Улуттук күрөштүн башкы колбашчысы, Республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү каза болгонунун 83-жылында урмат жана таазим кылуу менен эскеришкенин билдирди.

1731735
Шентоп 10-ноябрга карата кайрылуусун жарыялады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканынын 83 жылдыгына байланыштуу кайрылуусун жарыялады.

Мустафа Шентоп кайрылуусунда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын биринчи президенти, Улуттук күрөштүн башкы колбашчысы, Республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү каза болгонунун 83-жылында урмат жана таазим кылуу менен эскеришкенин билдирди.

Гази Мустафа Кемал Ататүрктү түшүнүүнүн «Анын, Түрк улуту менен бирге жети ажыдаарга каршы күрөштөгү лидерлигин үлгүү алуу менен Түркиянын улуттук кызыкчылыктарын ар дайым биринчи орунга коюу, толук эгемендүүлүк, ардактуу келечек, илимий прогресс жана өнүгүү мурасын коргоо» экенин баса белгилеген Шентоп билдирүүсүндө: «Ататүрк – улутубуздун толук эгемендүүлүк идеалын өзүндө камтыган лидер. Ал жана анын шериктери кийинки муундарга мекенди аманат эле эмес, ал үчүн өлүүгө бел байлаган улуттук идеалды, улуттук эркти да калтырып кеткен.

Бүткүл дүйнө дүрбөлөңгө түшүп турганда, өлкөбүз тынчтык жана бейпилдик менен келечекке бара жаткан болсо, бул анын жетекчилигиндеги Улуттук күрөштүн баатырларынын алдыга койгон максаты,көз карашы жана ушул максат үчүн чечкиндүү күрөшүбүз менен гана мүмкүн. Ар бир адам билиши керек, улутубуз толугу менен көз карандысыз жана улуу Түркия идеалы жолунда түбөлүккө каалоо жана чечкиндүүлүк менен басууну улантат»,-деди.

Вице-президент Фуат Октай да Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 83-жылдыгына байланыштуу кайрылуусун жарыялады.

Октай, кайрылуусунда: «Республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү каза болгонунун 83 жылдыгында урмат, ыраазычылык жана ырайым менен эскерем»,-деди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, «10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнө» байланыштуу билдирүүсүндө принциптери жана ойлору менен түрк улутунун эсинде жана жүрөгүндө жашаган Башкы колбашчы, Улуттук күрөштүн баатыры жана Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрк түбөлүк жайына узатылышынын 83 жылдыгында урматтоо жана таазим кылуу менен эскерилгенин айтты. Акар билдирүүсүндө Улуттук күрөштү жеңишке жеткирген жана бул жеңишти Республика менен даңазалаган Ататүрктүн бир гана түрк тарыхынын эмес, дүйнөлүк тарыхтын эң маанилүү лидерлеринин жана мамлекеттик ишмерлеринин бири болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар