Чавушоглу Мишри менен жолугушту
Министр Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.
1732029
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид эл-Мишри менен жолугушту.
Министр Чавушоглу Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө акыркы жолу сентябрь айында Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Мишрини кабыл алгандарын эске салды.
Чавушоглу: «Мишри менен учурдагы саясий абал жана акыркы окуялар тууралуу сүйлөштүк. Биздин жалгыз тилегибиз Ливияда ырааттуулук, бакубатчылык жана тынчтык өкүм сүрүшү. Бул максатта ливиялык бир туугандарыбызга колдоо көрсөтүүнү улантып жатабыз»,-деди.