Эрдоган Farasis Energy компаниясынын жетекчиси Кеплерди кабыл алды
Президенттик комплекстеги кабыл алуу жабык эшик артында өттү.
1725909
Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2002-жылы Америка Кошмо Штаттарында курулган жана 2009-жылы ишмердүүлүк борборун Кытайга көчүргөн, кайра жаралуучу энергия боюнча ишин улантып жаткан Farasis Energy компаниясынын башкы жетекчиси (CEO) доктор Кит Кеплерди кабыл алды.
Президенттик комплекстеги кабыл алуу жабык эшик артында өттү.
Кабыл алууга өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк менен Түркиянын автомобилин демилгелөө тобунун (TOGG) башкы жетекчиси Мехмет Гүржан Каракаш жана TOGG башкаруу кеңешинин мүчөлөрү да катышты.