Түркия Ирактагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1725666
Түркия Ирактагы кол салууну айыптады

Түркия террордук уюм ДЕАШтын, Ирактын Дияла аймагындагы бир айылга кол салуусун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Дияла облусунда кечээ кечинде ДЕАШ террористтери тарабынан жасалган кол салууда көп сандаган кишинин каза болушу жана жаракат алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Бул мыкаачылык террордук кол салууну катуу айыптайбыз, кол салууда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз, дос жана боордош Ирак элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-деген сөздөр камтылды.

ДЕАШтын Дияладагы бир айылга кол салуусунун натыйжасында бирөөсү аял 11 киши каза болгон. 



Тектеш кабарлар