Ата мекендик вакцина TURKOVAC 400дөн ашуун ыктыярчыга сайылды

3-фазадагы клиникалык сыноолор өлкө боюнча 28 облустагы 41 борбордо уланууда.

1724071
Ата мекендик вакцина TURKOVAC 400дөн ашуун ыктыярчыга сайылды

Ата мекендик жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) вакцинасы TURKOVAC, Sinovac вакцинасынын эки дозасын алгандарга эскертүү дозасы катары сайылган 3-фазадагы изилдөөдө эмделген ыктыярчылардын саны 400дөн ашты.

3-фазадагы клиникалык сыноолор өлкө боюнча 28 облустагы 41 борбордо уланууда.

Бул контекстте Синовак вакцинасынын эки дозасын алган жалпы 7400 ыктыярчыга өздөрүнүн каалоосуна жараша үчүнчү доза катары TURKOVAC же Sinovac вакцинасы берилет.

TURKOVAC координатор-изилдөөчүсү, доцент Бедиа Мерт Динч, Анкарада оорукана шаарчасындагы ыктыярчылар эмдөөдөн өткөн борбордо жасаган билдирүүсүндө, үчүнчү дозасын TURKOVAC менен алууну каалаган көптөгөн ыктыярчылар изилдөөгө кайрылышканын жана буга чейин 400дөн ашуун ыктыярчылар эмдөө алгандарын айтты.

ТҮРКОВАКтын ар кандай клиникалык изилдөөлөрүнүн бир убакта жүргүзүлүп жатканын белгилеген Динч, бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы абдан жакын арада жарыялана турганын айтты.

TURKOVAC вакцинасынын эң кыска мөөнөттө кеңири колдонулушун максат кылгандарын билдирген Динч: «Бул үчүн биринчи кезекте шашылыш колдонуу уруксатын алышыбыз керек. Ошондуктан төрт тармакта иш алып барып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар