Фахреттин Алтун : "Түрк дүйнөсүнөн 500дөн ашуун конокту тосуп алабыз"
Түрк Кеңешинин Медиа форумунун биринчи жолугушуусу Түркияда өтөт.
1723472
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун 2019 - жылы курулган Түрк Кеңешинин Медиа форумунун биринчи жолугушуусун Түркиянын өткөрөрүн билдирди.
Алтун твиттерден берген маалыматында : «Түрк Кеңеши 2019 - жылы Түрк Кеңешинин Медиа форумунун курулушуна чечим чыгарган. Бул форумдун биринчисин өткөрүүдөн абдан кубанычтуубуз. Эртең Стамбулда «Тамырлуу тарых, күчтүү келечек» деген темада түрк дүйнөсүнөн 500дөн ашуун конокту тосуп алабыз»,- деди.