Чавушоглу Белградда судандык жана гаитилик кесиптештери менен жолугушту
Чавушоглу жолугушуулары тууралуу Твиттерден маалымат берди.
1717639
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кошулбоо кыймылынын 60 жылдыгынан улам барган Сербияда судандык жана гаитилик кесиптештери менен жолугушту.
Чавушоглу бул тууралуу Твиттерден маалымат берип: «Биз Белградга иш сапарыбызды Судандын тышкы иштер министри Мерьем Ас-Садык менен көп кырдуу мамилелерибизге баа берүүдөн баштадык. Суданга колдообуз улана берет»,- деди.
Экинчи жолугушуусу тууралуу да билдирүү жасаган Чавушоглу: «Биз экинчи жолугушуубузду Гаитинин тышкы иштер министри Клод Жозеф менен Белградда өткөрдүк. Карым-катнаштарыбызды бардык тармактарда өнүктүрүүгө чечкиндүүлүгүбүздү ырастадык»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.