Чавушоглунун Украина сапары уланууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинада  түрк тилине болгон кызыгуунун арткандыгын айтты.

1716984
Чавушоглунун Украина сапары уланууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинада  түрк тилине болгон кызыгуунун арткандыгын айтты. Чавушоглу Украина сапарынын негизинде Львов шаарындагы жолугушууларын улантууда.

Чавушоглу Львов Иван Франко улуттук университетинин чыгыш тилдери бөлүмүнүн түрк тили жана адабият бөлүмүнүн окутуучулары жана окуучулары менен жолугушту. Чавушоглу бул жерде сөз сүйлөп, Украинада түрк тилине болгон кызыгуунун арткандыгын айтты.

Чавушоглу бүгүн Украинада 6 университетте түрк тили жана адабият бөлүмүндө 8 мугалим менен түрк тилинде билим берилип жаткандыгын белгиледи.

Андан кийин Чавушоглу Львов шаарында түрк жана украиналык ишкерлер менен жолгушту. Чавушоглу сапары тууралуу соцтармактан маалымат берип : «Украиналык кеисптешим Кулеба менен бирдикте Львовдо түрк жана украиналык ишкерлер менен жолугуштук. Ишкерлерибизди дүйнөнүн бардык жеринде колдоону улантабыз»,- деди.

Чавушоглу күндүз Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба менен бирге Небесна Сотния эстелигин зыярат кылды.

Кулеба менен эстеликке гүл койгон Чавушоглу, кийинчерээк эстеликтин алдында украиналык кесиптеши менен сүрөткө түштү.

«Эден эскадрильясы» башкача айтканда Небесна Сотния эстелиги Украинада 2014 -  жылы Россия жактоочусу башкарууга каршы батыш жактоочуларынын башкарууну алмаштыруу максатында баштаган жана "чарчы окуялар" деп аталган нааразылык акциялары учурунда каза болгондорду эскерүү үчүн курулган.

 

 

 



Тектеш кабарлар