Президент Эрдогандын CBS News телекөрсөтүүсү менен болгон маеги

Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76 -  сессиясына катышуу үчүн барган АКШнын Нью  -  Йорк шаарында CBS News телекөрсөтүүсү менен атайын маектешүү өткөрдү.

1710449
Президент Эрдогандын CBS News телекөрсөтүүсү менен болгон маеги

Президент Режеп Таййип Эрдоган эч кимдин Түркиянын коргонуусуна кийлигише албай тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76 -  сессиясына катышуу үчүн барган АКШнын Нью  -  Йорк шаарында CBS News телекөрсөтүүсү менен атайын маектешүү өткөрдү.

Маектешүүнүн бир бөлүгүн жарыялаган CBS News Эрдогандын Россиядан сатып алган коргонуу системасы С  - 400дөр тууралуу билдирүүлөрүн «АКШга каршы чыгуу» деп мүнөздөдү жана бул сөздөргө орун берди : «(Эрдоган) НАТО союздаштыгынын коопсуздугуна коркунуч келтире тургандыгына байланыштуу эскертүүлөргө карабастан АКШга каршы чыгуу менен чечкиндүүлүгүнө басым жасады жана Россияда жасалган башка бир коргонуу системасын сатып алууну пландагандыгын айтты».

CBS Newsтын тышкы иштер боюнча башкы кабарчысынын  : «Түркия дагы көп С  - 400 системасын сатып алабы?»,- деген суроосуна Эрдоган «ооба» деп жооп берди.

Эрдоган : «Келечекте кандай коргонуу системаларын аларыбызга, кайсы өлкөдөн, кандай деңгээлде аларыбызга эч ким кийлигише албайт. Буга эч ким аралаша албайт. Бул чечимдерди бир гана өзүбүз чыгарабыз»,- деди.

Ф  - 35терге байланыштуу да сөз сүйлөгөн Эрдоган Түркиянын акчасын төлөгөн учактардын алына электигин эске салып, АКШ башкаруусун сындады.



Тектеш кабарлар