Шырнакта зыянсыздандырылган террористтердин биринин кызгылт-сары категориясында экени аныкталды

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Шырнак облусунун жандармерия командирлигинин координациясында жандармериянын адиси сержанты шейит «Уфук Бингөл» атындагы «Эрен-13» операциясы жүргүзүлдү.

1706037
Шырнакта зыянсыздандырылган террористтердин биринин кызгылт-сары категориясында экени аныкталды

Шырнакта зыянсыздандырылган террористтердин биринин кызгылт-сары категориясында экени аныкталды.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Шырнак облусунун жандармерия командирлигинин координациясында жандармериянын адиси сержанты шейит «Уфук Бингөл» атындагы «Эрен-13» операциянын алкагында, Шырнак жандармериясынын аймактык командирлиги тарабынан Габар тоолуу аймагында 24-августта жүргүзүлгөн операцияда 3 террористтин зыянсыздандырылгандыгы эске салынды.

Таасирсиз кылынган террористтердин бири жалган Ботан провинциясынын Габар аймагында жооптуу деңгээлде кыймылын жүргүзгөн жана терроризм боюнча изделгендер тизмесинде «кызгылт-сары» категориясына кирип башына 1 миллион лирага чейинки сыйлык сайылган «Дилжин Мария Дерсим» каймана аттуу Сание Топрак экени аныкталгандыгы билдирилди.

Министрликтин башка билдирүүсүндө, Коопсуздук башкы башкармалыгы жана Жандармериянын Башкы командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруу аракеттеринин натыйжасында ПКК/КЖКдан качкан дагы бир уюм мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынды.

Бул багынып берген уюмдун мүчөсү 2014 -жылы террордук уюмга кошулуп, терроризм боюнча издөөдө жүргөндөрдүн тизмесиндеги «боз» категориясына киргени аныкталды. Билдирүүдө ишендирүү аракеттеринин натыйжасында 2021 -жылы багынган уюмдун мүчөлөрүнүн саны 145ке жеткени белгиленди.



Тектеш кабарлар