Фуат Октай Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушту

Октай  көрсөткөн меймандостугунан улам Мариповго ыракмат айтты.

1705507
Фуат Октай Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушту

Фуат Октай Кыргызстан Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушту. Түркия  -  Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиянын 10 -  жыйыны өткөрүлө турган Ала  -  Арча мамлекеттик резиденциясында жолугушкан  Октай менен Марипов жекеме  -  жеке жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Кыргызстандын соода жана тышкы иштер министрлигинин делегациясы менен Түркиянын Бишкетеги элчиси Ахмет Садык Доган катышты. Октайга Кыргызстанга сапар менен келишинен улам ыракмат айткан Марипов : «Кош келипсиз»,- деди.

Көрсөткөн меймандостугунан улам Мариповго ыракмат айткан Октай  да : «Биз ата журтубуздабыз. Бул жерде өзүбүздү конок катары көрбөйбүз»,- деди.

Октай андан кийин Марипов менен эки өлкөнүн коомдук жана менчик секторлорунун арасында мыкты кызматташууну кеңейтүү боюнча координация жыйынына катышты.

Түрк ишкерлеринин Кыргызстандагы инвестициялары, жараткан жаңы жумуш мүмкүнчүлүктөрү каралган жыйында катышуучу фирмалардын бул өлкөдөгү иш алып баруу процесстеринин ылдамдатылышына жана жакшыртылышына карата талаптар талкууланды.



Тектеш кабарлар