Түркияда колдонулган вакцинанын дозасы 100 миллиондон ашты
50 миллион 822 миң 59 биринчи доза, 39 миллион 488 миң 261 экинчи доза жана 9 миллион 208 миң 878 үчүнчү доза вакцина сайылды.
1705295
Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы колдонулган вакцинанын дозасы 100 миллиондон ашты.
Саламаттык сактоо министрлигинин "covid19asi.saglik.gov.tr" веб-сайтындагы ыкчам маалыматтарга караганда, бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 13.44төн тарта 50 миллион 822 миң 59 биринчи доза, 39 миллион 488 миң 261 экинчи доза жана 9 миллион 208 миң 878 үчүнчү доза вакцина сайылды.
Ушундайча Түркияда берилген дозалардын жалпы саны 100 миллион 13 миң 389 болду.