Акар: «Кызматкерлерибиз 48 саатка жетпей эвакуацияланды»

Ооганстандын борбору Кабулдан эвакуацияланган түрк аскерлери үчүн Анкарада азем өткөрүлдү.

1698920
Акар: «Кызматкерлерибиз 48 саатка жетпей эвакуацияланды»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Ооганстандан кызматкерлерин 48 саатка жетпеген убакта чыгарып кеткенин билдирди.

Ооганстандын борбору Кабулдан эвакуацияланган түрк аскерлери үчүн Анкарада азем өткөрүлдү.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар аземде сөз сүйлөдү.

Акар өз сөзүндө Түркиянын бардык коркунучтарга жана окуяларга тыкыр көз салып жатканын баса белгиледи.

«Түрк аскерлери Ооганстанда өз милдетин ийгиликтүү аткарды. Түрк куралдуу күчтөрүнүн миссиясы учурунда 20 миң аскерибиз кызмат өтөдү. Аскерлерибиз Ооганстанда өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып, афган элинин жүрөгүн багындырды. Алар НАТОдо жана эл аралык деңгээлде баарынын мактоосуна ээ болушту», -деди.

Күтүлгөндөн ылдам жүргөн процессте президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсү менен Ооганстандан эвакуация жараяны башталганын айткан Акар: «Тажикстан менен Пакистанга мурда жайгаштырылган 8 учагыбыз менен Кабул-Исламабад ортосунда аба көпүрөсү курулду. Кызматкерлерибиз жана жарандар 48 саатка жетпей эвакуацияланды. Чыңалууга карабай көйгөйсүз жүргүзүлгөн эвакуация Түрк куралуу күчтөрүнүн күчүн көрсөттү», деп билдирди.

«Мурунку күнү (Кабулда) болгон мыкаачылык террордук кол салууну катуу айыптаймын» деген Акар: «Аэропорттун ишин колдоого даяр экенибизди баарынын билишин каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар