Түркия Венесуэлага көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1697517
Түркия Венесуэлага көңүл айтты

Түркия Венесуэлага Мерида аймагындагы сел жана жер көчкүдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Венесуэланын батышындагы Меридада нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен жүргөн сел жана жер көчкүлөрдөн улам көптөгөн адамдардын каза болушу терең кайгыга салгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Дос Венесуэла эли менен өкмөтүнө жана селден каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар