Түркия баш паанек борборлору тууралуу кабарларды четке какты

Тышкы иштер министрлиги Британия басма сөзүндө чыккан афган качкындар тууралуу кабарларда Түркияга кайрылууда болгонуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1695653
Түркия баш паанек борборлору тууралуу кабарларды четке какты

Түркия афган качкындары үчүн башпаанек берүү борбору тууралуу кабарларды  четке какты.

Тышкы иштер министрлиги Британия басма сөзүндө чыккан афган качкындар тууралуу кабарларда Түркияга кайрылууда болгонуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта Британия басма сөзүндө орун алган «Афган качкындар үчүн Түркияда качкындар борборунун курулушу тууралуу план түзүлдү» деген кабардын чындыкты чагылдырбагандыгы белгиленди. Ошондой эле маалыматта : «Ушул күнгө чейин бизге эч бир өлкөдөн мындай талап келген жок. Бул тууралуубир талап билдириле турган болсо да муну кабыл алуубуз мүмкүн эмес»,- деп билдирилди.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес жекшемби күнү The Mail гезитине жарыяланган макаласында, алар Афганистанда өздөрү үчүн иштеген кээ бир афгандар үчүн виза процедуралары аяктаганга чейин региондун айрымөлкөлөрүндө күтө турган борборлорду курууну пландашкандарын билдирген.

The Mail on Sunday өлкөнүн аты бербесе да өз кабарында Уоллеске таянып Түркия менен Пакистандын аттарын атаган жана кээ бир британиялык маалымат каражаттары да сөз болуп жаткан кабарга шилтеме беришкен.



Тектеш кабарлар