Кабулда калган 5 медицина кызматкери түрк коопсуздук күчтөрү тарабынан куткарылды

Чач эгүү клиникасында иштөө үчүн 23 күн мурда Афганистанга барган 5 түрк медицина кызматкерлери Кабулда иштеген саламаттыкты сактоо комплексинен чыга албай калган.

1694621
Кабулда калган 5 медицина кызматкери түрк коопсуздук күчтөрү тарабынан куткарылды

Бир канча убакыт мурда саламаттыкты сактоо туризми боюнча Афганистанга барган 5 түрк медицина кызматкери чыга албаган шаар борборунан түрк коопсуздук күчтөрү куткарды.

Талибандын борбор шаар Кабулду көзөмөлүнө алышынан кийин өлкөдөн эвакуациялоо иштери улантылып, шаардын борборунан чыга албаган адамдарды коопсуз аймакка алып баруу иштери да жүргүзүлүүдө.

Чач эгүү клиникасында иштөө үчүн 23 күн мурда Афганистанга барган 5 түрк медицина кызматкерлери Кабулда иштеген саламаттыкты сактоо комплексинен чыга албай калган.

Соцтармак аркылуу жардам сураган медицина кызматкрелерин түрк коопсуздук кызматкерлери куткарып, эвакуациялоо үчүн Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропортуна алып барышты.

Соцтармакта видео аркылуу жардам суроонун баарынын пикири экендигин айткан Алейна Тыкы абдан коркушкандарын белгилеп : «Бул жерде бизге түрк аскерлери менен атайын кыймыл полициялары биз менен байланышып жардам беришти. Мамлекетибиз бизди бул жерде таштаган жок. Жарыялаган видеодон кийин дароо биз менен байланышка өтүп жардам беришти. Бизди атайын кыймыл полициясы куткарды. Аларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Баары үчүн ыракмат»,- деди.

Медицина кызматкерлеринин биринчи эвакуация учагы менен оболу Пакистанга андан кийин да Түркияга келиши күтүлүүдө.

Жекшемби күнү борбор шаар Кабулдун айланасын курчоого алган Талибан президент Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кетиши жана өкмөт күчтөрүнүн борбордон чыгышы менен шаарды эч кандай кагылышуусуз көзөмөлүнө алган.



Тектеш кабарлар