Коронавирусту 10 секундада аныктаган ата мекендик тест массалык өндүрүштө

Бул системанын негизинде вирус 10 секундада аныкталат.

1690037
Коронавирусту 10 секундада аныктаган ата мекендик тест массалык өндүрүштө
Diagnovir yerli test.jpg
Diagnovir yerli test1.jpg

Билкент университетинин Улуттук нанотехнологиялык изилдөө борборунда (UNAM) түрк изилдөөчүлөрү 10 секунддун ичинде 99 пайыз ишенимдүүлүк менен коронавирусту (Ковид-19) диагноздоого жөндөмдүү "Диагновир" аттуу нанотехнологияга негизделген системаны массалык түрдө өндүрө башташты.

"Diagnovir" өндүрүүчүсүнүн башкы директору Эсин Акпынар, бул системанын негизинде терең сүртүүгө муктаж болбостон, ооз көңдөйүнөн үлгүлөрдү алуу менен вирус 10 секундада аныкталарын айтты.

Акпынар ооздон үлгү алуудан тест жыйынтыгына чейинки убакыттын максимум бир мүнөт экенин айтып: «Биздин түзмөк ушул кезге чейин аныкталган бардык варианттарды ийгиликтүү тааныды. Биз мындан ары да ушул эле көрсөткүчтөрдү келечектеги варианттарда көрсөтөт деп ишенебиз», деди.

Саламаттык сактоо министрлигинен уруксат алынганын белгилеген Акпынар: «Июнь айынын аягында Билкент университетинин бүтүрүү аземинде биз 3 миңден ашуун адамды тестирлөө аркылуу биринчи масштабдуу изилдөөбүздү ийгиликтүү аяктадык. Бул тесттерге компаниялар өзгөчө кызыкдар экенин көрүп жатабыз. Ошол эле учурда жакынкы аймактан, Европадан жана Америкадан да талаптар бар. Биз көптөгөн секторлор менен байланыштабыз» деп билдирди.

Акпынар Түркиянын тегерегиндеги өлкөлөрдүн расмий мекемелеринен уруксат алуу процессинин уланып жатканын, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бекитүүсү үчүн да биринчи кадамды таштагандарын айтты.

Эсин Акпынар "Diagnovir" кишилердин агымы көп болгон аэропорттордо, концерттерде, мектептерде жана жумуш орундарында колдонулаарын айтты.



Тектеш кабарлар