Президент Эрдоган өрттөр жана Мараш тууралуу билдирди

«Өрттөнгөн токойорубуздун да күлүнөн кайра жаралганын баарыбыз бирдикте көрөбүз»

1685811
Президент Эрдоган өрттөр жана Мараш тууралуу билдирди

 Президент Р. Т. Эрдоган : «Өрттөнгөн токойорубуздун да күлүнөн кайра жаралганын баарыбыз бирдикте көрөбүз»,- деди.

Президент Эрдоган кечээ кечинде түз эфирге катышып күн тартиби тууралуу маалыматтарды берди.

Эрдоган Түркиянын айрым аймактарында таасирдүү болгон токой өрттөрү тууралуу, бир тараптан өрт өчүрүү иштери улантылып, бир тараптан да чыгымдарды аныктоо иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

«Өрттөнгөн бардык жерлерди жапжашыл аянтка айландырабыз. 5 жарым миллиард дарак кандай отургузулган болсо, өрттөнгөн токойлорубуздун дакүлүнөн кайрадан жаралган күндү баарыбыз бирдикте көрөбүз. Элибиз тынчсызданбасын»,- деди Эрдоган.

Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Мараш тууралуу : «Күзүндө эл аралык жыйын өткөрүүнү ойлоп жатабыз. Бул жыйын менен иштин көрсөткүчүн дагы да күчөтөрүбүзгө ишенем»,- деди.
 



Тектеш кабарлар