Чавушоглу азербайжандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү
Министрликтин маалыматына караганда, Чавушоглу Байрамов менен Түркияда уланып жаткан өрттөрдүн акыркы абалы тууралуу сүйлөштү.
1686299
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Министрликтин маалыматына караганда, Чавушоглу Байрамов менен Түркияда уланып жаткан өрттөрдүн акыркы абалы тууралуу сүйлөштү.
Байрамов болсо телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу твиттерден маалымат берип, Азербайжандын ар дайым Түркиянын жанында болгонун жана бул оор мезгилде Түркияга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.
Чавушоглу Байрамовго жооп катары Азербайжанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Азербайжандын дайыма Түркия менен бирге экендигин айтты.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.