Түркияда вакцина алгандардын cаны 60 миллиондон ашты

14-июль саат 13.30дан тарта биринчи доза вакцина алгандардын саны 38 миллион 345 миң 615, экинчи доза алган адамдардын саны 18 миллион 376 миң 940, ал эми үчүнчү доза алган адамдардын саны 3 миллион 359 миң 117 болду.

1675307
Түркияда вакцина алгандардын cаны 60  миллиондон ашты

Ковид-19га каршы күрөштүн алкагында Түркияда саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бүткүл өлкө боюнча вакцинанын биринчи, экинчи жана үчүнчү дозаларын алгандардын саны  60 миллиондон ашты.

Түркия Ковид-19 менен күрөшүүдө интенсивдүү эмдөө программасын улантууда. 18 жаштан жогорку бардык жарандар Sinovac жана BioNTech вакциналарынын бирин тандай алышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин "covid19asi.saglik.gov.tr" дарегинде жайгашкан ыкчам маалыматтарга ылайык, 14-июль саат 13.30дан тарта биринчи доза вакцина алгандардын саны 38 миллион 345 миң 615, экинчи доза алган адамдардын саны 18 миллион 376 миң 940, ал эми үчүнчү доза алган адамдардын саны 3 миллион 359 миң 117 болду.

Ушундайча  доза  алгандардын жалпы саны 60 миллион 81 миң 672 болуп катталды.



Тектеш кабарлар