Чавушоглу Финляндияда биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Чавушоглу Финляндияда тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1672269
Чавушоглу Финляндияда биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдиги (ЕБ) менен болгон мамилелерде Түркиянын 1999-жылы талапкерлик статусун алган Хельсинки саммитине көңүл буруп: «Биз Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарында "Хельсинки рухун" кайрадан жандандырууну каалайбыз», деди.

Чавушоглу Финляндияда тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Министр Чавушоглу жолугушууларда Түркия-Финляндия карым-катнаштарын дагы да өркүндөтүү боюнча биргелешкен эрктүүлүктү тастыкташкандарын билдирди.

Чавушоглу Хаависто менен жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштардан тышкары Кипр, Африка, Ливия, Тоолуу Карабах, Украина, Кара деңиз аймагы жана качкындар жөнүндө да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын жана качкындар маселесинин чогуу чечүү керек болгон көйгөй экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) менен болгон мамилелерде 1999-жылы талапкерлик статусун алган Хельсинки саммитине басым жасап: «Биз Түркия менен Европа Биримдигинин мамилелеринде Хельсинки рухун кайрадан жандандырууну каалайбыз. Ошондуктан сиздин (Финляндиянын) ролуңуз абдан маанилүү», деп айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагындагы Ортомчулук Достору тобунун (ADG) теңтөрагалары болгон Түркия менен Финляндиянын маселелерди тынчтык жолу менен чечүүдө биргеликте иш алып барышкандыгын эске салган Чавушоглу, эки өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы, Африкадагы жана Кавказдагы ушул маселелерде күчүн бириктиргенин маалымдады. 



Тектеш кабарлар