Covid-19: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 37 киши көз жумду.

1670975
Covid-19: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 37 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 996 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 226 миң 651 тест жасалып, вирус жуктурган киши саны 5 миң 299 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 4 миң 446 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 324 миң 111ге жогорулады.

Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында акыркы 24 сааттын ичинде биринчи, экинчи жана үчүнчү дозада жалпы 881 миң 755 вакцина сайылды.



Тектеш кабарлар