Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 35 киши көз жумду.

1670330
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 35 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 959 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 219 миң 737 тест жасалып,  4 миң 678 кишинин анализи позитив болуп чыкты.

Дарылануусу бүтүп айыккан 4 миң 735 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 319 миң 665ке жогорулады.

Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында акыркы 24 сааттын ичинде биринчи, экинчи жана үчүнчү дозалары менен жалпы 1 миллион 51 миң 537 киши эмделди.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар