Түркияда эмдөө ылдам жүрүп жатат

Түркияда 35 миллион 702 миң 49 киши биринчи доза, 15 миллион 541 миң 120 киши да экинчи дозасын алды.

1669217
Түркияда эмдөө ылдам жүрүп жатат

Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы колдонулган вакциналар 52 миллион 177 миң 632 дозадан ашты.

Түркия вакциналардын жалпы саны боюнча дүйнөдө 9-орунда турат.

Түркия убактысы боюнча саат 15.27тен тарта 35 миллион 702 миң 49 киши биринчи доза, 15 миллион 541 миң 120 киши да экинчи дозасын алды.

Экинчи жагынан Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДССУ) Түркия өкүлү доктор Батыр Бердиклычев Измирде жасаган билдирүүсүндө, Түркиянын Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ийгиликтүү иштерди жүргүзгөнүн, өзгөчө эмдөө боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири экенин айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөө иштерин ийгиликтүү деп тапканын билдирген Бердиклычев: «Чындап эле эмдөө көрсөткүчү кубандыруучу деңгээлде. Түркия эмдөө боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болду. Көптөгөн адамдар 2 дозасын тең алышты. Үчүнчү дозасы дагы башталды. Жуктурууну азайтуу үчүн эмдөөдөн өтүүнү улантуу керек. Түркия бул жагынан абдан жакшы абалда»,-деди.



Тектеш кабарлар