Түркияда Ковид-19га каршы эмдөө

Соода борборлору, аэропорттор, темир жол жана автобекеттер сыяктуу элдер жыш жүргөн жерлерде да эмдөө кызматы көрсөтүлүүдө.

1666827
Түркияда Ковид-19га каршы эмдөө

Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүүдө эки доза вакцина алган адамдардын саны 15 миллиондон ашты.

"Ковид-19 вакцинасын улуттук ишке ашыруу стратегиясынын" алкагында 18 жашка толгон ар бир адамга эмдөө мүмкүнчүлүгү түзүлсө, соода борборлору, аэропорттор, темир жол жана автобекеттер сыяктуу элдер жыш жүргөн жерлерде да эмдөө кызматы көрсөтүлүүдө.

Жарандар Sinovac жана BioNTech вакциналарынын арасынан тандай алышат.

Саламаттык сактоо министрлигинин "covid19asi.saglik.gov.tr" дарегиндеги ыкчам маалыматтарга караганда, 29-июнь Түркия убактысы боюнча саат 15.07ден тарта биринчи доза вакцина алгандардын саны 33 миллион 927 миң 394, ал эми экинчи доза вакцина алгандардын саны болсо 15 миллион 3 миң 872 болду.

Ушундайча жалпы доза саны 48 миллион 931 миң 266га жетти.



Тектеш кабарлар