Збигнев: «Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары (УУА) Польшанын жана НАТОнун потенциалын арттырат»

Анталия Дипломатия форумунун алкагында (ADF) Анадолу агенттигине берген баасында Збигнев Рау, Түркиянын Польшанын НАТОго мүчөлүгүнө көрсөткөн колдоосу жана Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүгүнө токтолду.

1661316
Збигнев: «Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары (УУА) Польшанын жана НАТОнун потенциалын арттырат»

Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау Түркиянын учкучсуз учуучу аппаратынын (УУА) Bayraktar TB2 Польшанын жана НАТОнун потенциалын арттырарын айтты.

Анталия Дипломатия форумунун алкагында (ADF) Анадолу агенттигине берген баасында Збигнев Рау, Түркиянын Польшанын НАТОго мүчөлүгүнө көрсөткөн колдоосу жана Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүгүнө өлкөсүнүн колдоосун эки тараптуу саясий карым-катнашты иштеп чыгышкандыктарын айтты.

Аймактык шартта Түркиянын Польшанын НАТОдогу стратегиялык өнөктөшү экендигин билдирген Збигнев Рау, Түркия менен Польшанын ортосундагы кызматташтыктын глобалдык коопсуздукка да салым кошконун айтты.

Рау ошондой эле Польшанын Түркиядан сатып алган 24 учкучсуз учуучу аппаратын баалады.

«Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Байрактар ​​ТБ2, согушта натыйжалуулугу далилденген, технологиялык жактан өнүккөн аппарат. Менимче, ал Польша армиясынын жана НАТОнун чыгыш капталынын потенциалын жогорулатат»,-деди.

Коргоо жаатындагы бул кызматташтык саясий кызматташтыктын көрсөткүчү экендигин белгилеген Рау: «Бул кызматташтык коопсуздук жана коргонуу жаатында ЕБ-НАТО мамилелеринин өнүгүшүнө дагы салым кошот деп ишенем»,-деди.

Польша Батыш Балкан өлкөлөрү менен Түркиянын Европа Биримдигине толук кандуу мүчөлүгү гана Европадагы туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү үчүн кызматташтыктын толук кандуу өнүгүшүн камсыз кылат деп эсептээрин түшүндүрүп, Рау ЕБ менен Түркиянын бири-бирине ишенимдүү өнөктөш катары муктаж экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар