Президент Р. Т. Эрдоган Антальяда эки тараптуу жолугушууларын улантууда
Президент Эрдоган Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровский менен жолугушту.
Президент Р. Т. Эрдоган Түштүк – Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн саммити жана Анталья дипломатиялык форумуна катышуу үчүн Антальяга келген лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларын улантууда.
Эрдоган Анталья дипломатиялык форумунда сүйлөгөн сөзүнөн киийн Черногориянын президенти Мило Жуканович менен жолугушту. Массалык маалыматк аражаттарына жаюык өткөн жолугушуу жарым саатка созулду.
Президент Эрдоган Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровский менен 40 мунатага жакын сүйлөштү.
Президент Эрдоган Босния - Герцеговина Президенттик Кеңешинин мүчөлөрү менен да жолугушту. Бул жолугушуу да маалымат каражаттарына жабык өттү.
Эрдоган мындан тышкары кечээ Сербиянын премьер - министри Ана Брнабич менен Хорватиянын премьер - министри Андрей Пленковичти өз - өзүнчө кабыл алган.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Эл аралык үй-бүлө күнүнө карата куттуктоосун билдирди
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен билдирүүсүн жарыялады.