Президент Эрдоган НАТОнун саммитине катышуу үчүн Брюсселге барат

Сүйлөшүүлөр учурунда НАТОдогу альянстан тышкары эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер күн тартибине коюлаары күтүлүүдө.

1656887
Президент Эрдоган НАТОнун саммитине катышуу үчүн Брюсселге барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган эртең боло турган НАТОнун саммитине катышуу үчүн Бельгиянын борбору Брюсселге барат.

Президент Эрдоган НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Литванын президенти Гитанас Науседа, Латвиянын президенти Эгилс Левитс, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эрдогандын Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Голландиянын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушуусу дагы пландаштырылган.

Сүйлөшүүлөр учурунда НАТОдогу альянстан тышкары эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер күн тартибине коюлаары күтүлүүдө.

Эрдоган-Байден жолугушуусу Байден АКШ президенти болуп шайлангандан кийин эки лидердин алгачкы жолугушуусу болот.

НАТОнун саммитинде Президент Эрдоган баштаган түрк делегациясынын артыкчылыктуу күн тартиби - Түркиянын эгемендик укуктарын урматтоо жана  аймагындагы абалга карата коопсуздук сезимталдыгы болот. Саммитте Түркиянын бул маселелерде чечкиндүүлүгү баса белгиленет.

Түркия шериктештиктин алкагында өз милдеттерин аткарган мүчө мамлекет экендиги баса белгиленип, терроризмге каршы күрөшүү жана гуманитардык кризиске натыйжалуу кийлигишүү жаатында кызматташуу сунуштары дагы бир жолу кайталанат.



Тектеш кабарлар